Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштады

Анын айтымында, жол тыгыны көйгөйүн ушундай жол менен гана чечүүгө болот

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын тургундарынын саны жыл сайын өсүүдө. Ал белгилегендей, Бишкектеги унаа тыгындары метро куруу менен гана чечилет.

Депутат бул үчүн инвесторлорду тартууну сунуштоодо.

«Биз Кытай, Орусия же башка чет мамлекеттер менен сүйлөшүшүбүз керек. Аларга 20-30 жылга ижарага берсең болот, колдонсун. Анан метро Кыргызстанга өтөт», - деди Малиев.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх