Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарында бала бакчалар жайгаштырылат

Мамкурулуш курулуштун жаңы нормаларын кабыл алды

Бала бакчалар көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына жайгаштырылат. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Алсак, Мамлекеттик курулуш комитетинин буйругу менен КР СН 31-03:2024 “Көп батирлүү турак жайлар” улуттук курулуш стандарттары кабыл алынган.

«КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы курулуш нормаларында көп батирлүү турак жайлардын биринчи жана экинчи кабаттарына мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерди жайгаштыруу каралган. Ошентип, мектепке чейинки мекемелердин санынын жетишсиздигин жабуу үчүн аларды көп кабаттуу турак жайларга жайгаштыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү», - деп белгилейт башкармалык.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх