Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жайыл районунда 7ден ашык мыйзамсыз чет элдик жарандар кармалды - видео

Аларга 396 миң сом айып салынды

Жайыл районунда «Нелегал-2024» деген аталышта ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейд РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын Жайыл райондук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Рейддердин максаты - мыйзамсыз миграциянын каналдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын миграциялык нормаларын бузган чет өлкөлүк жарандарды аныктоо.

Рейддердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында мөөнөтү өтүп кеткен виза менен иштеген чет элдик жарандарды, ошондой эле аларды иш менен камсыз кылган уюмдарды аныкташкан.

Кыргыз Республикасынын миграциялык нормаларын бузган 72 чет өлкөлүк жаранга карата КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 431-беренесине ылайык жалпы суммасы 396 миң сомго административдик протоколдор түзүлдү.

Рейддик иш-чаралар уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх