Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде жеке менчикке мыйзамсыз алынган тилкелер мамлекетке кайтарылды

Ал жер тилкелеринин баасы 20 миллион сомдон ашык

Баткенде мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкелери мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, Баткен шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан тиешелүү трансформациялоо процедурасын жүргүзбөстөн, жалпы аянты 1,44 гектар жер тилкелери жеке турак жай куруу үчүн берилгени аныкталган.

«Мындай мыйзам бузууларга карабастан «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан кийинчерээк белгиленген жер тилкелерине жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар катталып, берилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкелеринин ээлери өз ыктыяры менен жалпы сметалык баасы 20 млн 160 миң сомду түзгөн 24 жер тилкесин Баткен мэриясынын балансына кайтарып беришкен», - деп айтылат маалыматта.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх