Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө комуз формасындагы пирс курулуп бүттү - видео

Эс алуучулар аны бойлоп басып жүрүшөт

Ысык-Көлдө “Рух Ордо” маданий борборунда комуз формасындагы пирс курулуп бүттү. Видеону блогер Медер Мырзаев социалдык тармактарга жарыялады.

Кадрлардан эс алуучулар пирсти бойлоп басып жүргөнүн көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров фейсбук баракчасында комуз формасындагы пирс куруу боюнча добуш берүү уюштурган. Анын айтымында, бул пирс Ысык-Көлдөгү эң чоң болот. Ал ошондой эле пирске боз үй түрүндөгү ресторан курууну пландап жатканын билдирген.

«Ортодо боз үйдүн формасында айнек ресторан болот. Анда жалаң улуттук тамактар коюлат. Тейлөө кызматкерлери улуттук кийимдерди кийишет», - деп жазган ал.

Ошол эле учурда мамлекет башчысы социалдык тармактарда бул долбоор боюнча сын-пикирлер бар экенин белгилеген.

«Ошондуктан мен эл арасында кеңири сурамжылоо жүргүзүп жатам. Колдогондор “макул”, колдобогондор “каршы” деп добуш беришет. Көпчүлүктүн каалоосун сөзсүз эске алабыз. Эгерде көпчүлүк “каршы” добуш берсе, анда долбоорду өзгөртүү беш секунддун иши”, - деп белгилеген Садыр Жапаров.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх