Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу Максим Лисицын болду

Аны менен бир жылга келишим түзүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп 46 жаштагы орусиялык адис Максим Лисицын дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашты.

Ал команданы ушул жылдын сентябрь айында баштала турган 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3-туруна даярдайт.

Максим Лисицын Кыргызстандагы эмгек жолун мындан 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын 20 жашка чейинки жаштар курамасы Азия Кубогунун U-20 финалдык баскычына чыккан. Ошондой эле россиялык адис Кыргыз Республикасынын U-23 курама командасын жетектеп, Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышкан.

Бир күн мурун, 13-июнда Лисицындын талапкерлигин Кыргызстан футбол союзунун аткаруу комитети жактыргандан кийин КФСнын президенти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын жаңы машыктыруучусу менен жолугушту. Ал машыктыруучуга ишине ийгилик каалап, анын жетекчилиги астында команда алдыга койгон максаттарына жетет деген ишенимин билдирди.

Кыргызстандын футбол союзу менен башкы машыктыруучунун ортосундагы келишим дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү тандоо раунду аяктаганга чейин бир жылдык мөөнөткө иштейт.

 

Эске сала кетсек, бир күн мурун Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетип жатканы белгилүү болгон. КФС анын келишимин узартпоону чечкен.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх