Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казанда өтүп жаткан БРИКС оюндарында Кыргызстан алгачкы медалга ээ болду

Канышай Аманкулова самбо боюнча коло медаль тагынды

Кыргызстандын самбо боюнча курама командасынын мүчөсү Канышай Аманкулова БРИКС эл аралык спорттук мелдештеринде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Мелдеш Казань шаарында (Татарстан) 12-июндан 25-июнга чейин өтөт.

Аманкулова 50 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Биринчи раундда кыргызстандык россиялык спортчу София Емелюковадан жеңилип, бирок атаандашы финалга чыккандыктан Аманкулова коло үчүн күч сынашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө Канышай вьетнамдык спортчуну жеңип, коло медаль тагынды.

 

Бул улуттук курама команда үчүн БРИКС оюндарындагы алгачкы медаль.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх