Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акыркы эки жылда 241 миң кыргызстандык миграциядан кайтып келди - спикер

Анын айтымында, Кыргызстанда жаңы ишканалар түзүлүп, миграция агымын азайтууга жардам болууда

Акыркы эки жылда 241 миң кыргызстандык миграциядан кайтып келген. Бул тууралуу Чаткал районунун Сумсар айылындагы «Селя» тигүү фабрикасынын ачылыш аземинде Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев билдирди.

Өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформаларга токтолуп, спикер мамлекеттин жана чыгармачыл атуулдардын аракетинин аркасында мүмкүн болгон көптөгөн өнөр жай объектилери ачылганын мисалдар менен келтирди.

«Мындай иш-чаралар биздин жарандардын өз мекенинде иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүп, миграциялык агымдын азайышына өбөлгө түзөт. Күн сайын чет өлкөдөн мекенине кайтып келген кыргызстандыктар көбөйүп, акыркы эки жылда алардын саны 241 миң адамды түздү», — деди Шакиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх