Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Кылымдын рецепттери: түрк даамдары” аттуу түрк ашканасынын фестивалы өттү

Түркия элчилиги уюштурган иш-чарага борбор калаанын көптөгөн тургундары жана коноктору кызыкты

Фестиваль зыяратчыларга Түркиянын бай гастрономиялык маданиятына сүңгүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. Коноктор муундан-муунга өтүп келе жаткан салттуу рецепттер боюнча даярдалган түрдүү тамактарды татып көрүштү. Сунушталган даамдардын арасында атактуу түрк мездери, кебабтары, баклава жана башка көптөгөн түрлөрү болду.

Фестивалды Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садик Доган ачып, конокторду куттуктап, элдердин маданий алмашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мааракеге Туркия республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча кеңешчиси Солмаз Хабирал катышты. Ардактуу коноктордун арасында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маданият ишмерлери болушту.

Фестивалдын коноктору сунушталган тамактардын түрдүүлүгүн жана даамдуулугун гана эмес, иш-чаранын жылуу маанайын да белгилешти. «Бул Түркиянын ашканасы аркылуу анын маданияты менен таанышууга эң сонун мүмкүнчүлүк, бардыгы жогорку деңгээлде уюштурулган, тамактары өтө даамдуу болду», - деди келгендердин бири.

Түрк ашканасынын өзгөчөлүктөрүн, оригиналдуулугун, креативдүүлүгүн, ден-соолукка пайдалуулугун көрсөтүүнү, танытууну көздөгөн гастрономиялык күн бүгүн 14-июнда борбор калаанын Бишкек паркында болуп өттү. Мааракеде белгилүү ашпоздор менюлары менен тааныштырып, өз колу менен тамактарын жасап берип, келгендерге даам сыздырды.

Мааракеде борбор калаадан келген конокторго тажрыйбалуу түрк ашпозчулар өз колдору менен жасаган тамактарынан даам татышты. Ошондой эле ашпоздор тамак жасоо ыкмаларын, алардын ден-соолукка пайдасы тууралуу кеңири айтып беришти.  Иш-чара үчүн атайын менюлар жасалды. Кылымдык тарыхы бар, маданий мурасты чагылдырган тамак-аштар даярдалып, конокторго тартууланды.

Түркия ден-соолукка пайдалуу, чыгармачыл, ысырапсыз жана туруктуу өзгөчөлүктөрүнө басым жасаган түрк ашканасын дүйнөгө таанытат. Түркиянын кулинардык мурасын кеңири аудиторияга көрсөтүүнү максат кылган Түрк ашканасы күнүндө өлкөнүн алдыңкы ашпозчуларынын презентациялары жана иш-чара үчүн атайын даярдалган менюлары көрсөтүлдү.

“Кылымдын рецепттери: түрк даамдары” фестивалы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна эстен кеткис даамдарды жана жагымдуу эскерүүлөрдү тартуулап, Бишкектин маданий турмушунда маанилүү окуя болуп калды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх