Дин башкармалыгы Курман айт кантип майрамдалаарын айтты
Курман айт быйыл 16-июнда белгиленет
Мусулмандар үчүн негизги майрам саналган Курман айт быйыл 16-июнда белгиленет. Курман айт – мусулманчылыкта, Орозо айттан 70 күндөн кийин болот.
Курман айт мусулманчылыктагы эң чоң майрам. Мусулман календары боюнча (Зуль – Хиджа) айдын 10-чу же 13-күнү майрамдалат жана Меккеге (Сауд Арабия) барып сыйынып келүү менен жыйынтыкталат. Курман айт майрамынын арапа күнү (айттан бир күн мурун) ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген вакфа (Арафат тоосунда туруу) ушул күнү аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келишкен мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Аллага жалынып жалбарышат. Арафаттагы мындай көрүнүш мусулмандардын биримдик менен бир туугандыкка маани берүүлөрүн ачык-айкын айгинелейт.
Мусулмандар Курман айт майрамын Алланы улуктоо күнү катары бийик санашат. Анын максаты – жалпы мусулмандарда, бир гана мал союу эле эмес, аны менен адам Аллага жакындайт деген ишеним жашайт.
Бул майрамда айт намазынан кийин колунан келген адамдар курмандык чалышат. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, бири-бирине айттап, зыярат кылышат.
Борбор Азия элдеринде «айт күнү жети (кээ бир жерлерде жетимиш) үйдү кыдыруу керек экен» деген сөз кеңири жайылып кеткен. Бирок негизи ал күнү мынча үйдү кыдыруу керек деген түшүнүк да, буйрук да жок. Жогоруда айтылган сөз, балким, айт күнү мусулмандар көптөгөн үйлөрдү кыдырып, алардын ал-жайын сурап, майрамдалбай калган үй-бүлөлөргө да колдон келишинче майрамдык маанай тартуулашсын деген түшүнүктөн келип чыккандыр деген ойлор бар.
Курман айт кантип белгиленип калган?
Мусулмандар курман айт майрамын төмөндөгү окуяга байланыштырышат: тарыхта 7-пайгамбар деп айтылган Ибрагимдин доорунан бери майрамдалып келе жатканы белгилүү. Ибрагим пайгамбар уктап жатып, түш көрөт. Ал түшү бир эмес, үч жолу кайталанат. Анда: “Мени сүйсөң, уулуңду курмандыкка чал”,-деп айтылат. Мындан улам пайгамбар жакшы көргөн уулу Ысмайылды курмандыкка чалууну көздөп, баласына бычак тартса, бычак өтпөй коет. Анткени бул убакта Алла Таала Ибрагим пайгамбардын чын ниеттен жасап жатканына ишенип, курмандыкка чалуу үчүн ак кочкор жөнөткөн болот. Маарап түшкөн кочкорду пайгамбар баласынын ордуна мууздайт. Мусулмандардын курмандыкка кой союу салты ушундан калган дешет.
Азыр кантип майрамдалат?
Адамдар курман айт майрамын таңга маал – мечитке зыярат кылуу менен белгилей башташат. Бирок алгач таң атканга чейин даарат алып, эң жакшы таза кийимдерди кийинишет. Ал эми Айт намазына ач карын барышат.
Мечитте майрамдык намаз окулат, андан кийин молдо же имам хатиб хутба айтат. Салт боюнча Алланы жана Мухаммед пайгамбарды даңктоо менен башталып, андан соң ажылыктын келип чыгышы жана курмандык чалуу жөрөлгөлөрүнүн мааниси түшүндүрүлөт. Намазга эркектер гана катышат. Мечитке балдарды да алып барышса болот, бирок ал зарыл эмес.
Бул күнү курмандык чалуу менен адам Кудай алдында бардык күнөөлөрүн жууйт деп ишенишет.
Хутба бүткөндөн кийин мусулмандар адатта көрүстөндөргө барып, маркумдарга дуба кылышат. Андан кийин алар адатта майрамдын эң даамдуу бөлүгүн – мал союуну башташат.
Курман айтта чоң майрамдык дасторкон жайылып, негизги тамагы, албетте, эт болот. Айтмакчы, майрамдык этти сактоого жана “кийинкиге” калтырууга болбойт. Баарын майрам бүткүчө жеш керек. Мында курмандыктын эти үчкө бөлүнөт – бир бөлүгү кедей-кембагалдарга берилет же мечитке жеткирилет, экинчи бөлүгү жакындарына, үчүнчү бөлүгү өзүнүн үй-бүлөсүнө берилет.
Быйыл коомдук транспорттор элди бекер ташыйт
Быйыл Курман айтка карата Бишкек жана Ош шаарларында муниципалдык коомдук транспорттор элди бекер ташыйт. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтердин маалымат кызматтары билдирди. Мындай саамалык – жол тыгындарын азайтуу жана мечитке намазга баруучулар тоскоолдуксуз жетип алуусуна шарт түзүү максатында болуп жатканын белгилешти.
Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган. Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Бирок Орозо айт намазы коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду.