Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Мыйзам долбоорунун максаты — кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо

Оорукана жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керектиги белгиленди.

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин жеке клиникаларга ишин айкалыштырып жумушка орноштурууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун максаты — кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо.

"Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилери көз карандысыз жана жеке клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыкдар эмес, өз мекемесинин кызыкчылыгына берилген жарандар болушу керек. Мындай кош жумушка тыюу салуу кадрлардын көз карандысыздыгын жана кесипкөйлүгүн сактоого жардам берет. Алар жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен милдеттерин аткарууга жана мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек", — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле бул сунуш коррупциялык схемаларды азайтып, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасына коомчулуктун ишенимин жогорулатууга багытталганы кошумчаланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх