Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокаттагы селден жабыркаган мугалимдерге акчалай жардам жана санаторияга жолдомо берилди

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү селдин кесепетинен 5 мугалим жабыркаган

Ноокат районунда селдин кесепетинен жабыркаган мугалимдерге жардам көрсөтүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 28-июнда Т.Кулатов айыл өкмөтүндө сел жүрүп, 5 мугалим жабыркады.

«Жабыркагандарга Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунан 50 миң сомдон, облустагы райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунан 25 миң сомдон, ар бир мугалимге Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомолор, жана райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен облустагы кесиптештеринен 170 миң сом бөлүндү. Жардамдын жалпы суммасы 245 миң сомду түздү», - деп билдиришти башкармалыктан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх