Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Тазалык” ишканасы таштандылары төгүүчү жерлерге видеокамераларды орнотот

Таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандарга айып пул салынат

Бишкек шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасы таштандыларды туура эмес жерге ыргыткан же курулуш, тигүү жана башка таштандыларды таштап кеткен жарандарды аныктоо үчүн стихиялуу таштанды таштоочу жайларга видеокөзөмөл камераларын орното баштады.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, видеоматериалдар муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп, андан соң мыйзам бузгандарды аныктап, айып пул салынат.

“Белгиленген эрежелерди сактап, шаарыбыздагы тазалыкка жана тартипке жоопкерчиликтүү мамиле кылууңуздарды суранабыз. Таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытуу үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 115- беренесине ылайык чаралар көрүлөт” - деп эскертти муниципалитет.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх