Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: 25 миң сом жөлөк пул алуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат калп

Жарандарга белгисиз шилтемелерди баспоого чакырышат

25 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул алуу мүмкүндүгү тууралуу WhatsApp аркылуу тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Ушуга байланыштуу жарандарга жеке маалыматтарды жана аккаунттарды алдамчылардан коргоо үчүн белгисиз шилтемелерди баспоону катуу сунуштайбыз. Тышкы иштер министрлиги жарандарды сак болуп, расмий булактардан маалыматтарды текшерүүнү суранат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх