Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуууну, кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылган учурда 112 кызматына токтоосуз билдирүүнү эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх