Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулуктагы 255 млн сомдук Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылды

 Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти

Сокулук районундагы 255 млн 649 миң сомго бааланган Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жанаша жайгашкан мектептин имаратынын жалпы аянты 18 миң 60 чарчы метрди түзөт.

Такталгандай, 1992-жылы мектепти Шопоков атындагы айыл чарба кооперативи мыйзамсыз менчиктештирип алганын билдирген. Аталган кооператив 2006-жылы Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен 12 млн 500 миң сомго мектепти сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Бирок, Билим берүү министрлиги көрсөтүлгөн сумманы кооперативдин эсебине которсо дагы мектептин имараты ушул кезге чейин мамлекеттин менчигине кайтарылган эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин сметалык баасы 255 млн 649 миң сомду түзгөн мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх