Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегатты капиталдык оңдоо 80%га аяктады

Иштер 2024-2025-жылы күз-кыш мезгилиде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында аткарылууда

Күрп-Сай ГЭСинде №3 гидроагрегат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда белгиленген жумуштардын 80%ы аткарылып, гидротурбина жана электр жабдыктары толугу менен оңдоодон өткөрүлүүдө.

«ТН-220 Датка» жана “ТН-220-I СШ” чыңалууну өлчөөчү трансформаторлору жаңысына алмашылтырылып, ишке киргизилди. Буга чейинки трансформаторлор дээрлик 43 жылдан бери иштеп келген.

Ошондой эле ачык бөлүштүрүүчү жайында ОРУ-220/110 кВ «Датка» аба чубалгысындагы «ТН-ВЛ-220-Датка» өлчөөчү трансформатору жаңысына алмашылтырылды.

1-шиналар системасындагы «ТН-20–IСШ» чыңалууну өлчөөчү трансформатору жаңысына алмашылтырылып, ишке киргизилди.

Ошондой эле 2-шиналар системасындагы “ТН-220-IIСШ” чыңалууну өлчөөчү трансформаторунун алмаштырылат.

Иштер 2024-2025-жылы күз-кыш мезгилиде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында аткарылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх