Бүгүн Тирана шаарында 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионаты башталат
Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат
Бүгүн, 21-октябрь күнү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.
Дене тарбия жана спор департаментинен билдиришкендей, бүгүн килемде грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82, 97 кг салмак категориясында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат:
60 кг: Акыл Сулайманов – Абуладзе Придон (Грузия);
67 кг: Раззак Бейшекеев – Даниель Дажани (Албания);
72 кг: Адилхан Нурланбеков – Мухаммед Гөчмен (Түркия);
82 кг: Бекзат Оркул уулу – Самвел Григориян (Армения);
97 кг: Нурмамбет Раймалы уулу – Лукач (Хорватия), Катич (Сербия).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 башталат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз