Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми кант диабетин дарылоодо инсулин терапиясы талап кылынбайт

Окумуштуулардын айтымында, дүйнө жүзү боюнча 422 млн адам II типтеги кант диабети менен жабыркайт

Окумуштуулар инсулин инъекциясынын зарылдыгын жок кылган процедураны ойлоп табышты. Эки жылдык сыноонун жыйынтыгы кант диабети менен ооругандар инсулин терапиясына муктаж болбой калганын көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын “Доктор Питтер” басылмасы жазды.

Окумуштуулардын айтымында, дүйнө жүзү боюнча 422 млн адам II типтеги кант диабети менен жабыркайт.

Британиянын диабет изилдөөсүнө ылайык, жыл сайын жаңы диагноз коюлган 2-типтеги диабет менен ооругандардын 5-10%ы инсулин терапиясын талап кылып келген, ал эми 10-12 жылдан кийин бейтаптардын 80%га жакыны туруктуу инсулин терапиясын талап кылып келет.

Таблетка түрүндөгү глюкозаны төмөндөтүүчү дарылар менен дарылоо көбүнчө оорунун алгачкы 5-6 жылында натыйжалуу болот. Бирок убакыттын өтүшү менен канттын нормалдуу деңгээлин кармап туруу барган сайын кыйындайт, анткени уйку безинин клеткалары инсулинди азыраак жана начар иштеп чыгарат.
Дарылоого инновациялык ыкманы Амстердам медициналык борборунун окумуштуулары сунушташкан.

Алар 2-типтеги кант диабети менен ооруган 14 бейтапка ReCET деп аталган жаңы эндоскопиялык процедураны сынашкан. Атайын катетер электр талаасынын жардамы менен он эки эли ичегинин былжыр чел кабыгын алып, өзүнүн инсулинине сезгичтигин жогорулатат.

Процедурадан кийин изилдөөнүн катышуучулары эки жума бою карбонгидратсыз диета кармашкан. Андан кийин бейтаптарга арыктоо үчүн семаглютид активдүү препараты берилген.

Натыйжада 14 катышуучунун 12си 6 жана 12 айлык байкоодо инсулинди талап кылбай калган. Алардын кандагы канттын деңгээли нормалдуу чегинде туруп, процедурадан соң эки жылдан кийин дагы ушул эле жыйынтык сакталган.

Маалымат үчүн: “ReCET” процедурасы глюкозанын деңгээлин көзөмөлдөө үчүн организмдин өзүнүн инсулинине сезгичтигин жогорулатууга багытталга

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх