Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ыссык-Көлдө пляжда тамеки тартууга тыюу салууну сунуш кылышты. Бул ишке ашуучу нерсеби?

Депутат Мамтехинспекциянын катуу көзөмөлү астында эс алуучуларды тартипке салса болот дейт

Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн пляжында тамеки тарткандарга катуу чара көрүш керек. Мындай сунушту Ирина Карамушкина Жогорку Кеңеште айтып чыкты. "Ысык-Көлдүн" экологиялык-экономикалык туруктуу өнүгүү системасы жана административдик жоопкерчилик Кодексине түзөтүү киргизүү тууралуу талкуунун жүрүшүндө бул маселени көтөрүп чыкты.

Эл өкүлү спирт ичимдиктерин да пляжда ичүүгө тыюу салууну айтты.

 Vesti.kg сайты менен болгон маекте Карамушкина бул демилгени кантип ишке ашырууну айтты.

- Биздин мыйзамда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган норма бар. Ысык-Көл ачык аймак болуп эсептелет, бирок бул эс алуу аймагы, биз ал жерди сакташыбыз керек,- дейт Ирина Юрьевна.

Депутаттын ою боюнча өкмөт буга реакция кылышы керек, а анын ишке ашышы жергиликтүү бийликтин иштешинен көз каранды.

- Жергиликтүү бийликтегилер Мамтехинспекция менен биргеликте рейдге чыгуулары керек,- дейт Карамушкина. - Андан сырткары үч тилде жазылган баннерлерди илиш керек, себеби көптөрү "биз билбей калыптырбыз"-  деши мүмкүн.

Эл өкүлүнүн ою боюнча жаза штрафтык санкциялар менен гана чектелиши керек.

- Туристтер көп барган Тайландда да тамеки тартканга чоң айып пул салынат. Менин оюмча мыйзам канчалык катаал болсо ошончолук тез күчүнө кирет. 2-3 жыл кыйналсак, анан тартиптүү эс алуучуларга ээ болобуз,- деп сөзүн бүтүрдү Карамушкина.

Өз кезегинде эколог Марат Мүсүралиевич мындай мыйзам аркылуу тамеки чегүүнү тыюу мүмкүн эместигин билдирет.

- Маршрутканын айдоочуларын чектирбей коё албадык, анан кайдагы эс алуучулар ?,- дейт ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Анда тартип бузуучуларга канча милиционер же коопсуздук кызматкерлери керек болот?
Ооз менен айтып коё беребиз, бирок аны ишке ашырыш кыйын.

Мыйзамчыларга коомдук тамактануучу жайда тамеки тарткандарды толук тыюуга мүмкүн болбогондугун эскертти.

- Ошол эле Казакстанда коомдук жайда чегүүгө тыюу салынган. Бизде болсо бул норманы киргизе алышкан жок, жөн гана кафенин ээлерине башка-башка зал уюштурууну милдеттендирип коюшту,- дейт.

Белгилүү эколог Эмиль Шүкүров Vesti.kg сайтына Кыргызстандын табияты үчүн тамекинин калдыгы жана ушул сыяктуу нерселердин зыяндуулугу тууралуу айтып берди.

Анын ою боюнча тамеки тартууну чектөө менен чектелбеш керек, ошондой эле пляждарда пикник кылгандарга тийешелүү чараларды көрүү керек.

- Ысык-Көлдө эс алуучулар пикник кылышып, таштанды калтырып кетишет, бул өтө зыяндуу,- дейт Эмиль Жапарович. - Көлүбүз чоңдугунан чыдап жатат. Биздин пляждарда табигый микроорганизмдердин тазалоосу жүрүп жатат, бирок алар таштандынын көптүгүнөн өлүп калып жатышат. Ал эми баштыкчалар, тамеки калдыктары, бөтөлкөлөр чирибейт. Алар адамдын организмине зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат да теринин рагына алып келет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх