Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Ошто орус тилин бекер үйрөтөт

Мындай жол менен Орусияга кетчү мигранттар даярдалат

Оштогу "Мигранттар мектеби" борбору Орусияга кетип жаткан мигранттарга орус тилин бекер үйрөтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына  «Благодать» коомдук фондунун жетекчиси Рахат Шакирова билдирди.

Анын айтымында долбоор тажрыйба иретинде жана Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясы тарабынан каржыланууда.

- Биз азыр биринчи топту чогултуп жатабыз. Андан соң орус тилин билген деңгээлине жараша топ-топко бөлөбүз. Бир курс үч айга созулат,-дейт ал.

Ошондой эле фондун башчысы долбоор мигранттарга орус тилин окутуу менен чектелбейт.

-Биз чет өлкөгө кетчү толук кандуу мигранттарды даярдайбыз. Алар кесипкөй психолог менен юристтердин кеңешин алышат. Мигрант  башка өлкөдө өзүн кантип алып жүрүштү үйрөнөт. Полиция менен баарлашууну, батирди ижарага алууну, документтерди топтоп, мыйзамдуу түрдө жумушка орношууну үйрөнөт. Ошондой эле айлыкта аласалары болсо, аны кайтарууну,  миграциялык кызматта катталууну, сотто өзүн коргоону, эң негизгиси адам саткандардын курмандыгы болуп калуудан сактанууга үйрөтөбүз. Биздин борбордун базасында Орусияда талап кылынган кайсы бир кесипке ээ болууга мүмкүнчүлүк бар,-дейт фондун жетекчиси.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх