Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боом капчыгайында таштар кулатылат

Жолдун бул тилкесинде автоунаалар үчүн бир нече күн чектөө киргизилет

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматы маалымдайт. Поезд менен автоунаалардын коопсуздугу үчүн 14-18-май күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 120-чакырымында, Боом капчыгайындагы таштар кулатылат.

Бул күндөрү саат 9-00 дөн 15-00 гө чейин милиция кызматкерлери жолду мезгил-мезгили менен жаап турушат. Чогулган унаалардын саны отуз-кыркка жеткенде таш кулатуу иштери убактылуу токтотулуп турат.

Эскерте кетсек иш-чара күндүз жана аба-ырайы ачык болгондо гана жүргүзүлөт. Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн алдына ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз.

«Кыргыз темир жолу» УК МИ Басма-сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх