Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттык сактоо Министрлиги 20 жыл өткөн соң коомдук транспорттун айдоочуларын кантип текшерүүнү түшүндүрдү

Эксперттер жаңы нормаларды медициналык кароого киргизүү оңойго турбастыгын боолголошот

Коомдук транспорттун айдоочуларын медициналык кароодон өткөрүүнүн бирдиктүү көрсөтмөсүн киргизүү зарыл. Бирок бул тапшырманы аткаруу өтө татаал болот. Мындай оюн Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт Марат Мүсүралиев билдирди.

-Бир канча коомдук транспорттун айдоочулары патент боюнча иштешет, алардын наркологго акчалары жок, - дейт ал. - Анын үстүнө айдаган  машиналары да арендага алынган. Албетте, Саламаттык сактоо Министринин мындай бирдиктүү норманы кабыл алуу тууралуу пикири жакшы деңизчи. Бирок жол кире акысынын төмөндүгү бул норманы кабыл алууга жолтоо болот. Бул функцияны юридикалык жактарга берүүгө туура келет, алар наркологго жана жабдууларга акча издешет.

Мүсүралиевдин билишинче, статистика боюнча алкоголдук ичимдиктин айынан жол эрежесин бузуулар айдоочулардын арасында дээрлик жокко эсе.

- Маршрутка айдагандар көбүнчө жол эрежесин бузуу менен айырмаланышат, - дейт ал. Анын үстүнө алар дайыма акча алып, берип алаксып калышат. Казакстанда буга тыюу салынган. Аларда коомдук транспорттун кондуктору бар. Биз да ошентишибиз керек. Бирок дагы эле баягы баага келип такалат, кондукторго да айлык төлөш керек. Кыргызстанда, автомобилдик ташууну тескөөдө тартип таптакыр жок. Эми бир гана үмүт ЕАЭСтин нормаларын акырындык менен кабыл алууда калды.

Кыргызстан автомобилдик ташуучулар Бирикмесинин төрагасы Темирбек Шабданалиевдин оюнча бул тармакка  медициналык кароо боюнча бирдиктүү инструкция киргизсе бул тармак жакшырмак.

Медициналык кароолор жүргүзүлүп жатат азыр, деди ал Vesti.kg сайтына. - Фельдшерлик пункттар шаар боюнча иштеп жатат. Ал пункттарды ташуучулардын өздөрүнүн фирмалары ачып жатышат. Мериянын атайын текшере турган жумушчу тобу бар. Жыйынтыгында бул пункттардын кемчиликтери арбын болуп чыкты. Медициналык кароолор жүргүзүлбөй тургандыгы белгилүү болду. Эффективдүү иш жок, бирок коррупция бар.

Темирбек Мусаевичтин таң калганы, жол кыймылына тийешелүү медициналык кароону  жүргүзүү тууралуу мыйзам 1998-жылдан бери бар, бирок так жазылган процедуралар ушул күнгө чейин жок.

- Союз учурунда буга жакшы көңүл бурулчу, - дейт ал. - Мен буга чейин бизде мындай документ жок экендигин билбептирмин. Саламаттык сактоо Министрлиги тартип киргизет деген үмүттөмүн.

Саламаттык сактоо Министрлиги "Транспорт айдоочуларына сапарга чейинки жана сапардан кийинки медициналык кароолорду жүргүзүү көрсөтмөлөрү тууралуу " мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыккандыгын эсиңиздерге алабыз.
Мекеме иштин сапатына таасирин тийгизе турган факторлорго: мас абалда болуусун, оорусун текшерүүнү сунуштайт.

Буга чейин эч кандай тартипти жөнгө  салуу үчүн көрсөтмө болгон эмес. Айдоочуларды сапарга чыгаарда жана сапардан кийинки абалдарын текшерүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Бирок "жол кыймылы тууралуу мыйзамга"  бул норамалар 1998- жылы эле киргизилген болчу.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх