Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн бишкектиктерди бир ай ысык суусуз калтырышат, кошуна өлкөлөрдө мындай жок го?

Борбордун жашоочуларына болгон видеосурамжылоо жана тийешелүү органдардын жооптору

Жарандык активист жана саясатчы Айбек Катаганов бишкектиктерге бир айга суунун өчүрүлүшү боюнча  сурамжылоо кылган. Андан сырткары ал Бишкек ЖЭБге жумшалган чыгымдарды азайтканда кандай болмоктугу тууралуу жоопторго кызыккан. Активист Vesti.kg сайтына видеосюжет жөнөткөн.

Сурамжылоонун негизинде шаардыктардын көпчүлүгү 30 күнгө ысык суунун өчүшүнө нааразы. Анын үстүнө кошуна мамлекетте мындай мезгилдин мөөнөтү кыска экендигин айтышат. Андан да дээрлик бардык шшардыктар ЖЭБге деп бөлүнгөн акча максатсыз жумшалгандыгын айтышат. Суунун өчүшүн да ушуга байланыштырышат.
Активисттин сөзү боюнча , кызыккандар СНГ мамлекеттериндеги жыл сайын ысык суунун өчүшү канчага созулаарын иликтеп көрүшкөн.



- Мисалы, Москвада мыйзам боюнча 10 күнгө өчүрүшөт,- дейт Катаганов. - Жалпысынан алганда мурунку СССРдин аймагындагы өлкөлөрдө бир нече сааттан баштап 10 күнгө чейин ысык сууну өчүрүшөт. Ушундан улам биз мындай деген жыйынтыкка келдик, Кыргызстанда эң узакка ысык сууну өчүрүшөт. Бишкек ЖЭБ ке 386 млн. доллар жумшасак да бул 30 күнгө өчүрүү кыскарган жок.

Ал арада Vesti.kg сайты "Электр станциялары"  ААК пресс кызматына кайрылганда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ысык сууну өчүрүү менен байланыштуу эмес деп жооп кайтарышты. 

   "ЭС«» пресс-катчысы Тагжан Айдаралиева Бишкектин ысык суусун 56 жылдан бери өчүрүшөөрүн айтты.

- Бул өчүрүү бир гана ЖЭБде эмес, бардык жылуулук тармагында болоорун айтты. Биз ысык сууну өчүргөн учурда "Теплосеть«» да ремот иштерин жүргүзүшөт. Эгерде трубаларды алмаштыруу керек болсо алмаштырышат.
 
Ошону менен бирге эле Айдаралиева эмне үчүн башка мамлекеттерде ысык сууну кыска эле мөөнөткө өчүрөөрүн түшүндүрдү.
 
- Анткени башка өлкөлөрдүн мегаполистери бир убакта бир нече жылуулук борборлорун тейлешет, ошондуктан ар бир ЖЭБге азыраактан участоктор туура келет, -дейт ал.  - Бизде болсо бир ЖЭБ бардык шаарды кучагына алат.
 
Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх