Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоодогу Атамбаевдин командасында президент Жээнбековдун да болгондугун айтты
- жолу 477 кароо
Мурунку өкмөт башчы жылуулук борборундагы аварияга күнөөлүүлөрдү азыркы бийлик тандап айтып жаткандыгын айтты. Ал бардыгын атоону сунуштайт
Мурунку премьер - министр Сапар Исаков кайрадан УКМКга чакырылып, Бишкек ЖЭБдин модернизациялоодо мурунку президенттин командасы мыйзамдын алкагынан чыкпагандыгын журналисттерге айтты.
Анын айтымында азыркы бийлик бул жаңжалдуу ишке тийешеси барларды тандап гана айтпастан баарын айтууга тийиш.
- Мен түшүнүп атам бул кайда баратканын, - дейт мурунку өкмөт башчы. - Бир гана айтаарым: Алмазбек Атамбаевдин командасы таза иштегенбиз. Командабызда азыркы президент да бар болчу, ошондуктан ал киши да билет Алмазбек Шаршенович мыйзамдуу чечим чыгаргандыгын. Кээ бир фамилиялар аталды, кээ бирөөлөрү аталган жок.
Эгерде депутаттар акыйкат болобуз дешсе баарын аташсын.
Исаков депутаттарга иликтөө ишине кийлигишкенге акысы жок экендигин эскертти.
- Авария ЖЭБдин эски жагында болду, оңдолгон жаңы жагында эмес,-дейт ал.
Фото www
Окшош макалалар
- Сапар Исаковдун жүзгө жакын тарапкерлери соттун имаратына келишти, бирок бул эч нерсени өзгөрткөн жок
- УКМК диктофонду скотч менен чаптап, айылдык ыкмага салышы мүмкүнбү?
- Бүгүн Жогорку сот Сапар Исаковдун ишин карайт
- Бишкектин экс-вице-мэрин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышты
- УКМК мамлекетке 143 миллион сом акча өндүрүп берди