Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

Бул эмнеге байланыштуу?

2013-жылдан бери Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен "Саламаттыкты сактоо мекемелерин жыйынтыгына жараша каржылоо" долбоору 63 ооруканада иштеп келет. Эрежеге ылайык ооруканалар жыйынтыгына жараша упай топтоп, кошумча каражат бөлдүрүп алууга мүмкүнчүлүк бар. Аталган долбоордун аткарылышын билүү үчүн, ушул жылдын апрель айында, 2018-жылдын биринчи жарымындагы ооруканалардын ишмердүүлүгү текшерилди.

"Эң олуттуу категория болуп энелер жана төрөт үйлөрү эсептелет",- дейт долбоордун жетекчисинин орун басары Арсен Аскеров. - Биз физиологиялык жана патологиялык төрөттөр боюнча тийиштүү жыйынтык көргөзүшүбуз керек.

Бүгүнкү күндө физиологиялык төрөттүн эфективдүүлүгү 89 пайызга, патологиялык төрөттүкү 79 пайызга жетти.

Бул өтө жакшы көрсөткүч. Биз башында бул кол жеткис нерсе деп ойлогонбуз. Кылынган иштер, энелерге жана ымыркайларга жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, энелерди окутуп-үйрөтүү бизди ушул ийгилике алып келди. Эгер энелердин өлүмүн беш жылдыктарга бөлсөк 90-жылдары 90, 80, 76 промиле болчу. Азыр ал 38ге түштү. Промиле бул - 100 миң тирүү төрөлгөн ымыркайга барабар энелердин өлүмү. Биринчи беш жылдыкта бир аз жылыш болгону менен энелердин өлүмү жогорку денгээлде болуп келген. Ал эми акыркы беш жылдыкта 90 промиледен 43 жана 38 ге тушкөнү даана көрүнүп турат. Бул долбоордун берген жыйынтыгы деп айтсак болот".

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх