Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чыгышэлектро» жана бөлүштүрүү компаниясы атайылап коммерциялык чыгымдарды көбөйтүп жатат

Депутаттар менен эксперттер жаңы алынган кредитти жабууга 6 млн. евро табылаарынан күмөнсүшөт

Кыргызстан 10 жылдан бери энергетика тармагына 1 млрд. 700 миллион доллар суммасындагы кредитти алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев айтып берди.

- Бул каражаттардын эффективдүү, максаттуу колдонулгандыгы тууралуу көп суроолор туулат. Азыр "Түштүкэлектро"  6 млн. евро кредит алганы жатат, бирок алардын коммерциялык чыгымдары ого эле көп. Түшүнүктүү, демек кийин карызды жабуу тууралуу бир гана депутаттар күмөнсүбөйт экен. Карызды алар өкмөттүн кепилдиги менен алышат да, төлөөрүн «Чыгышэлектро» төлөйт турбайбы. Бул каражаттарды колдонууда эч кандай көзөмөл жок.

Расул Акматович бул кредиттердин максаттуу иштетилишине ишенбейт.

- Энергетика тармагында көп акчалар желип жаткандыгын Бишкек ЖЭбдеги кырдаал айтып турат.

Бөлүштүрүү компаниясы жана «Чыгыш электро» дебитордук карыздарды атайылап көбөйтүп жатышат, себеби кийин коммерциялык чыгымдарды көбөйтүшөт мунун эсебинен. Бирок мен ибул акчалардын тийешелүү жакка жумшалышына ишенбейм.

Коргоо, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитеттин парламенттик отурумунда «Чыгыш электрого» 6 миллион евро кредит алып берүү маселеси каралып жатат.

Депутат Исхак Пирматов бул карызды жабууга мекеме каражат табышынан шек санайт.

Нарын областында 14 номативде 20 пайыз жоготуу бар. Деги бул норманы кимдер киргизип жатат. Электриктер болсо өткөргүчтөрдү алмаштырсак жоготуу азаят деп ишендиришет. Эгерде үнөмдөбөсөк кантип кредитти жабабыз?- дешет депутаттар жергиликтүү ММКларга.


Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх