Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын банктары клиенттердин даректерин америкалык өкмөткө берип жатабы?

Такталбаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жашаган АКШнын жарандарынын бардык транзакциялары  банктын сыры мыйзамы менен корголгон эмес

Улуттук банк АКШнын жарандарынын бардык банктык операциялары тууралуу маалыматты Америка өкмөтүнө берип турат. Бул тууралуу маалыматты Vesti.kg сайтына өздүк булактар билдирди.

Алардын билишинче Улуттук банкка финансы мекемелери бир жылда бир жолу отчёт тапшырышат.

- Ушул документтерде бардык транзакциялар, акча которуулар, вклад тууралуу маалымат, депозиттик эсептердин ачылышы, сделкалар, коммуналдык төлөмдөр жана уюлдук байланыш үчүн төлөө көрсөтүлөт. Бул нерсеге америкалыктардын өздөрү макул бекен.

Улуттук банктын тууралуу мыйзамдын 129-статьясына ылайык, банк жана банк ишмердүүлүгү , банктык сыр - бул  клиент тууралуу ар бир маалымат, банк менен клиенттин ортосунда түзүлүп сакталышы керек. анын үстунө бул маалыматтар клиенттин жазуу түрүндөгү макулдугу менен берилиши керек.

Андан сырткары Улуттук банк мындай маалыматтарды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана бериши мүмкүн деп мыйзамда жазылып турат. Банктын сырын камтыган маалымат клиенттин макулдугусуз бир гана сотко, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга гана берилиши мүмкүн.

Ошондой эле:
- Салык инспекциясына;
- Кредиттик бюрого;
- Клиенттин мураскоруна же анын мыйзамдуу өкулуно берилет.
- Нотариалдык конторага берилет.

Түзүлгөн кырдаалды тактоо үчүн Vesti.kg сайты КР УБ суроо жөнөткөн.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх