Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сталбек Рахманов: Биз жолдошторубузга таазим кылабыз

Бишкек ШИИБде тапшырманы аткарууда курман болгондорду эскеришти

Бишкек шаардын ички иштер башкармалыгында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондорду эскерүү күнү болду.

ИИМдин буйругу менен 15- май кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланган. Бүгүн салт боюнча Мемориалдык комплекске ветерандар, Бишкек ШИИБнүн жетекчилиги чогулушту.

ШИИБ, курман болгон милиция кызматкерлеринин үй бүлөлөрү  жана ишки иштер кызматкерлери мемориалга гүл коюшту. Андан ары салтанаттуу марш болду.
Бишкек ШИИБ начальниги , милициянын полковниги Сталбек Рахманов «Биз кызматтык милдетти аткарып жатып курман болгондордун элесине таазим кылабыз», - деди.  Ошолордон үлгү алып  кийинки кызматкерлерди тарбиялайбыз .Биз алардын энелери, эже-карындаштары, ага-инилери, аялдары менен сыймыктанабыз.
Биз дайыма бул жерге чогулганда алардын биз сыяктуу бала тарбиялашты, үй бүлө күтүштү каалагандарын эстейбиз. Бирок алардын алдында "тартип болушу керекпи же болбошу керекпи, акпы же карабы?" -деген суроо коюлганда алар акты тандап алышты. Тартип үчүн өмүрлөрүн сайышты.

Көптөрүнүн жакындары курман болгондуктарына карабастан, элдер аларды эскергендиктери үчүн кубанышты. Катышкандардын ар бирине тартип коргоо кызматкерлери тарабынан  мындай колдоо алуу жагымдуу болду.

Бишкек ШИИБнүн маалымат кызматы
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх