Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ушинтсе да болобу!". Сокулукта жолчулар чөөткө асфальт төшөштү

Алар куюп аткан жаанга да карашкан жок            

Кыргызстандыктарды жол ремонту таң калтырбай койбойт. Кечээ Сокулукта куюп жааган жамгырга карабай жолчулар чөөттөргө асфальт төшөп жатышты.

Бул баатырдык көрүнүшкө күбө болгон Facebook соц. сетин колдонуучу Лена Цигулева болгон. Бул окуяны ал интернет коомчулугуна жайылткан.



«Биздин Сокулукта жолду ушинтип кылышат… асфальтты чөөткө куйганы аз келгенсип, жаанда иштешет. Азаматтар!  Ушунуңардан жазбагыла!», - деп кыжырданат ал.

Асфальтбетондук катмарды төшөө бардык стандарттар боюнча кургак аба ырайында жүргүзүлөт. Балким кыргызстандык жолчулар башка , жаанда төшөй бере турган технологияны ойлоп таап алышпасын. Дүйнөлүк практикада нымдуу чөйрөдө ысык аралашманы төшөө бат эле ушаланып түшүүгө алып келет.

Жолду ремонттоо салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кылынат, анткени автомобилдердин көптүгүнөн жол бузулуп жаткан имиш.

Алтынай Темирова
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх