Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Университетке Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасынын атын беришти

Мындай демилгени жогорку окуу жайдын жетекчилери көтөрүштү

Жалал-Абаддагы Эл аралык университетке президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы профессор Кантөрө Токтомаматовдун атын ыйгарышты. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына билим берүү Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Билим берүү Министрлигинин пресс-кызматынын өкүлү Мария Гречаннаянын айтымында университет мындай чечимди өз алдынча кабыл алган.

- Жалал-Абаддагы эл аралык университет менчик болуп саналат, ошондуктан алардын мындай нерсеге укугу бар,- деди ал.
Экономика илимдеринин доктору, профессор жана академик Кантөрө Токтомаматов аталган окуу жайдын негиздөөчүсү жана алгачкы ректору болгон. Ал 2017-жылдын апрелинде 70 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх