Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Улуу Ата-Мекендик согуштун ветерандарына кемсинте турган белек бергенибиз жок дешет

Ичинде  шектүү нерселери бар баштыкчаларды Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына башка бирөөлөр таркаткан окшойт

Бишкек мэриясы Ленин райондук администрациясы тарабынан Жеңиш Күнү ветерандарга ичинде бир килограмм күрүч, макарон, бир пачка чай жана 600 гр. таттуусу ( арзан конфет, сынык печеньелер) бар баштыкчаларды таркаткан деген маалыматты четке какты.

Соц.тармактын колдонуучулары бул белектин өтө эле жупуну жана сапаты шектүү экендигине көңүл бурушкандыгын белгилей кетели.

Борбор шаардык муниципалитеттин пресс-кызматынын билдирүүсүндө ветерандарга 1980 сомдук тамак аш бирикмесин тапшырышкан.

- Ленин райондук администрациясы тамак аш белектерин кутучага салып беришкен. Ар бир белектин баасы 1980 сомду түзгөн. Анын курамында чай, натуралдуу сок, советтик шампанское, 1 кг. шоколад, печенье жана жемиштер(мандарин, алма, банан) - бар болчу деп билдирет мэриядагылар.

Ошондо көңүл иренжиткен соцтармактагы белектерди башка бирөө берген болобу?  Бул жаңжалдуу видеону фейсбукка Светлана Байтикова жарыя кылган. Ал бул пакеттеги белектерди кемсинтүү деп атаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх