Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иш таштоо. «Чүйлүк» айдоочулар Ош областына жана Караколго өткөрбөй жатышат

Такталбаган маалыматтар боюнча, жүк  ташуучулар тарифти он эсеге көтөрүүнү талап кылышууда. Бирикменин башчысы алыска жүк ташуучулар 1-июнга чейин иш таштоону көздөп жатышат

Алыска жүк ташуучу айдоочулардын иш таштоосу Ош областынад, Караколдо жана Ысык-Көл областтарында өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бирикменин президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди.

- Алар айдоочуларды Чүй областынан сырткары чыгарбай жатышат. Ош областына жалаң оштуктардын машинасы ташысын, жана акыны он эсе көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Өскөнбаеванын сөзү боюнча бул тууралуу кабардар болгон айдоочулар жүктөрдү складдарга кайра алып келип жатышат.

«Менин жүк ташуучу машинам да жыла албай калды» ,- дейт фейсбук колдонуучу.  Бирикменин президенти Темирбек Шабданалиев бул түзүлгөн кырдаал боюнча  бир аз айтып өттү. Ал Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстандын регондорундагы айдоочулар бири бирине эч кандай дооматтары жок экендигин, алар чет элдик конкуренттерине каршы чыгып жатышкандыктарын айтат.

- Республиканын аймагында Россия, Турция, Кытай, Белорусиянын айдоочулары иштешет. Айдоочулар сары номурлуу - өзбек, кытай, түрк машиналарына арызданышат. Конкуренттердин көптүгүнөн ставка түшүп жатат.

Чыккандардын арасында казакстандыктар да бар экендигин айтат Шабданалиев.

Бирикменин президентинин айтымында  бул акциянын катышуучулары бир, эки райондун кызыкчылыгы үчүн эмес бүтүндөй республиканын айдоочуларынын кызыкчылыгы үчүн чыгышкан. Бул иш чара тынчтык жолу менен өтүүгө негизделген, эгер кимдир бирөө жаңжал чыгарса ал керт башы менен жооп берет бейбаштыгы үчүн.

- Ооба алар чынында да тарифти көтөрүүнү талап кылышат, - деп Макул болду Темирбек Шабданалиев.

Бирок канча эсе экендигин мен биле албайт экенмин.

Иш таштагандар 1- июнга чейин улантууну көздөшөт. Бирок Бирикменин президентинин ою боюнча айдоочулар ар кандай калк, алардын ортосунда пикир келишпөөчүлүктөр көп.

- Ал эми бирикме бул акцияга катышпайт, биз аларды бул кадамга барбоого чакырдык.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх