Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санавиацияны такси катары колдонгон Эсептөө палатасынын кызматкери, башкы инспектор болуп чыкты

Бул факт боюнча мекемеде иликтөө иштерин жүргүзүүнү убада кылышты

Реаниматологдун коштоосуна да муктаж болбогон эле тууганы үчүн санавиацияны колдонгон эсептөө палатасынын кызматкер айымы, мекеменин башкы мамлекеттик инспектору болгон. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар маалымдаган.

Алардын айтымында, чиновник аялдын аты Айгүл Сөлпүева. Врач-реаниматолог Нурзат Жумалиеванын билдирүүсүндө ошол аял тууралуу сөз болгон.

Фейсбук баракчасында минтип жазылган болчу:

«Санавиациянын линиясы менен Кочкор аймактык ооруканасына бардым. Өзүңөр ойлоп коргүлө, пациентибиз чындап эле реаниматологдун жардамына муктаж беле же жөн эле ал чиновниктин тууганыбы ?  Жакында фамилиясын айтам анын. Өзунүн жакындары үчүн санавиацияга врачтарды салып алып кызмат абалынан пайдаланган чиновницанын ким экендигин билесиңер. Анын үстүнө врачтар жумуштан кийин эс алып үйдө жатканда алып кеткен. Эмгек акысыз. Эсептөө палатасынын чиновнигинин эрмеги үчүн сегиз саатыбыз корогон. Көзүбүзгө жаш алып ызаландык. Бизди качанга чейин ушинтип болбогон нерсе үчүн пайдаланышат ? Балким ушул маалда бизге кимдир бирөөлөр муктаж болуп жаткандыр, кимдир бирөөнүн апасы же баласы… Эмне үчүн чиновниктердин айынан карапайым элге санавиациянын машинасы жетишпей калышы керек ?» - деп нааразы болот Жумалиева.

Ошол арада Vesti.kg сайты комментарий үчүн Эсептөө палатасына кайрылганда, ММКдагы бардык публикация боюнча Сөлпүева тууралуу кызматтык иликтөө жүргүзүшөөрүн айтышты.

- Жыйынтыгын кийинчерээк билдиребиз дешти мекемедегилер.

Санавиация деген - бул оорулууну  бир райондон экинчи районго атайын ревматологдордун коштоосундагы  транспортировкалоо экендигин белгилей кетели. Аталышына карабастан, анын карамагында же самолёт, же вертолёт жок.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх