Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар студенттерди карызга окууну сунуш кылышты

Жогорку Кеңеште билим алууга кредит берүүнү талкуулашты. Эксперттердин бул нерсеге көз караштары ар башкача

Депутаттар билим алууга жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча иштерди активдештирүүнү көздөшөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттин социалдык маселелер, илим, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча мүчөсү Евгения Строкова билдирди.

- Кыргызстанда балдар мектепти бүткөн соң ар кандай старттык позицияда туруп калышат, - дейт Евгения Григорьевна. - Кимдир бирөөнүн билими анча эмес болсо да ата энесинин акчасы бар аны окутканга. Бирок кесиптин ээси болуу үчүн үй бүлөдөгү байлыктан көз каранды эмес да. Ошондуктан билим алууга кредит берүүнү сунуштайбыз. Кредитти алуунун критерийи болупреспубликалык жалпы тестирлөөдө алган баллы эсептелет. Анткени билим деңгээли төмөн балдарга кредит берүүнүн кажети жок.

Жогорку билим алууга кредиттер берилээрин, ал кошуна өлкөлөрдө кеңири таркалгандыгын айтты депутат.

- Мен ата энелердин жана мамлекеттин акчасын үнөмдөгөнгө чакырам, анын үстүнө студенттердин убактысын да. Ошондуктан бизге билим берүүдө реформа керек.

Өз кезегинде билим берүү боюнча эксперт профессор Айнура Арзыматова андай кредиттерди берүүгө өтө деле зарылчылык жок деп эсептейт.

- Кыргызстанда жогорку окуу жайында окуу үчүн бекер гранттык түрлөрү бар, - деди ал Vesti.kg  сайтына. - Бирок бул орундар мугалим же электрик болууну каалабаган 80 % балдар менен толуп калат. Кредит зарыл деп ойлобойм.

Өз кезегинде КРСУ профессору Александр Кацев Казакстандан тажрыйба алып келүүнү сунуштады. Кредиттерди берип, акысына болсо бир канча жыл жөнөткөн жагында иштеп беришет.

- Коңшу өлкөдө стипендия берүүнү токтотуп , анын ордуна кредит бере башташты ,- дейт ал Vesti.kg  сайты менен болгон маектешүүдө. - Окууну аяктаган соң бүтүрүүчүлөр багытталган жакка барып иштеп берүүсү керек, канчалык көп иштеп берсе ошончолук кредиттин проценти аз болот. Практика көрсөткөндөй, үч жылдан соң адистердин көбү аларды жөнөткөн жагына барып иштеп беришет. Бул кырдаалдан чыгуунун жолу деп эсептейм. Кайсы айылга кандай адис керектигин билүү керек, андан кийин гана абитуриенттерди алып жана иш берүү керек.

Бүгүн парламенттик комитеттин жыйынында депутат Аалы Карашев мектеп жана орто окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга акы төлөп окуй албай жатышкандарын айткан.

Бул маселени чечүү үчүн эл өкүлдөрү билим берүүгө мыйзам долбоорун иштеп чыгып атышат. Мындай кредиттердин ставкасы Улуттук банктын эсептик ставкасынан ашып түшпөшү керек. Ал эми банктардын ортосундагы ставкалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылат.

Андан сырткары, бул мыйзам долбоору төлөө мөөнөтүнүн жылдырылышын да карайт. Анткени ЖОЖдун бүтүрүүчүсү кредитти окууну бүткөн соң 5 жылдан кийин төлөп баштайт.


Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх