Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт атайын агентство түзүп, допинг менен күрөшүүнү көздөйт

Чиновниктер ушундай жол менен кыргызстандыктарды допингден сактап калууну көздөшөт. Эксперт бул нерсенин ишке ашышына ишенбейт

Кыргызстанда Улуттук допингге каршы агентствонун түзүлүшү эл аралык талапка ылайык, алтурсун илимдин өнүгүүсүнө алып келиши мүмкүн. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына врач - нарколог Мелис Исаков билдирди.
Ошону менен катар эле ал бул нерсенин турмушубузга киришине анча ишене бербейт, анткени медицинада көптөгөн программалар иштелип чыгып эле кагаз жүзүндө кала берет эмеспи

- Биздин спортчулардын көпчүлүгү допинг колдонгондугу мага белгилүү. Бирок таблетка колдонуп булчуңду өстүрүү идеясы спортто жашап жатат. Спорттогу допинг - бул фармакология үчүн полигон.

Кыргызстандын спортчулардын канчасы бул препараттарды колдонгондугу тууралуу так маалымат жок, анткени бул тармакта эч ким иликтөө ишин жүргүзгөн эмес,- деп айтат Мелис Аспекович

- Кимдин допинг колдонгондугу таймаш башталганда гана белгилүү болот, - дейт нарколог. - Так ошондой эле наркомандарды да качан гана алар врачка кайрылганда билебиз. Ошондуктан антидопингдиг агентство түзүү идеясы жакшы, бирок ал иш жүзүнө ашабы ? Бул документти иштеп чыккандардын дагы бир түшүнүксүз тезиси, бул допинг калкты наркотизацияга алып келет дегени. Менин оюмча бул эки тармактын бири бирине эч тийешеси жок.

Биздин мамлекетте професстоналдуу спортчулар аз эле, калктын баары наркоман болуп кетет дегидей алар көп эмес анчалык.

Жаштардын иши боюнча, дене тарбиясы жана  спорт Мамлекеттик агентствосу «Допинг менен күрөшүү жана аны колдонууну токтотуу» боюнча өкмөттүн токтомун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.

Ал документ Допингге каршы агентствону түзүүнү сунуш кылат.

«Жаштардын допингге болгон кызыгуусу наркотизацияга жана адамзаттын генефондунун бузулушуна алып келет. Допингдик препараттар катуу ооруларды дарылоо үчүн врачтын рецеби боюнча гана аптекаларда сатылат, - дешет бул долбоордун демилгечилери. - Тилекке каршы акыркы убактарда тренерлердин жана медициналык персоналдардын шалаакылыгынан биздин спортчулардын препаратты колдонгон учурлары болуп, спортчулардын ден соолугуна жана мамлекеттин кадырына таасирин тийгизип жатат. Бул тыюу салынган препаратка болгон көңүл коштуктун бирден бир себеби болуп врачтардын тренерлер менен спортчуларды текшербегендиктери саналат».


2016-жылы кыргызстандын оор атлетчи Изат Артыковдун олимпиадалык коло медалын допингдин айынан алып салышкан болчу. Анткени спортчунун канынан тыюу салынган стрихнин табылгандыгын эсиңиздерге салабыз.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх