Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиядагы кыргыздардын баары эле "дворник" эмес. Алардын арасында банкирлер, фирманын жетекчилери жана полицейскийлер бар

Москвадагы коомдук уюмдун башчысы бүгүнкү күндө мигранттар мурункуга караганда жакшы жумуштарды ээлешкендерин айтат

«Нарын-Теңир-Тоо»  аймактык коомдук уюмдун башчысы Обозкан Сардарбеков көп жылдан бери Москвада жашап, белгилүү убакыттан бери өзүнүн пикирлештери менен бирге Кыргызстандын эмгек мигранттарына жардам берип келет. Ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде, а мекендештерине кантип, кандай жардам берип жатканын толугу менена айтып берди.

Айтымында, ал Москвада 1973-жылдан бери жашайт. Ал көп жыл бою соода өкүлү болуп иштеген. Бугункү күндө Обозкан Сардарбекович Москванын Соода палатасынын өкүлү болуп саналат.

- 90-жылдардын башында мен мекендештердин жергиликтүү шартка кыйындык менен көнүп жатышкандарын карап турууга аргасыз болдум,- деп баштады ал өзүнүн баянын. - Тилден, жумуш табуудан, укуктук башаламандыктан, улутчулдук жана башка нерселердин каршылыгын көтөрүүгө туура келген.

Андан сырткары , биз бул жердеги Орто Азиянын башка элдеринин коомдук уюмдарынын пайда болгондугун көрдүк, бизге салыштырмалуу алар аз болчу.Биздин мекендештер болсо өзүңүздөр билгендей 1 миллиондон ашуун. Ошондуктан биз биригип мекендештерге жардам берүүнү чечтик. Биздин уюмдун аты сиздерди таң калтырбасын, «Алай», «Өзгөн», «Ысык-Көл» деген сыяктуу аталыштагы уюмдар толтура. Бирок бул бир гана өзүбүздүн регионго жардам берет дегендик эмес.

Россия боюнча биздин уюмдар 100 гө жакын. Эң  чоң күч келгени биз болуп эсептелебиз, анткени бул жер борбор, чоң шаар.

Андан ары коомдук ишмер кандай жардамдарды берип жаткандарына токтолду.

- Биз чоң-чоң курулуш, соода, жол курулушу сыяктуу компаниялар менен келишим түзүп, мекендештерди ишке орноштурабыз. Андан сырткары укуктук жактан жардам беребиз. Бул маселеде Россиянын жана Кыргызстандын элчиликтери менен, миграция кызматы менен иш алып барабыз. Мисалы, элчиликте юристтер бар. Мигранттарыбыз оор кырдаалга тушукканда биз аларга чалабыз. Обозкан Сардарбекович кыргыз мигранттарынын маданий жетишкендиктерин да унуткан жок.

- Биз, ошондой эле маданий иш чараларды жүргүзөбүз. Мисалга алсак, жакында эле Чыңгыз Айтматовго арналган иш чара өткөрдүк. ошондой эле биздин кыргызстандыктар Москвада ачкан маданий борборлор бар. Ал жерде комуз, вокал ийримдери жана кыргыз тилин үйрөнүү куртары бар.

Аягында коомдук уюмдун башчысы буларды белгилеп кетти.

- Мурда кыргызстандыктардын көбү курулушта жана дворник болуп иштесе, азыр алардын көпчүлүгү соода борборлорунда сатуучу болуп ишке орношкон. Алардын арасында ири компаниялардын жетекчилери бар. Банктарда, укук коргоо органдарында иштеп башташты. Кандайдыр бир деңгээлде бул мени кубандырат.

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх