Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тарых музейи жыгач аттарды 14 миң еврого сатып алган

Депутаттын ою боюнча, маданий имараттын реконструкциялоодогу чыгымдардын сметасы өтө эле жогорулатылып көрсөтүлгөн

Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу чыгымдар өтө эле жогору көрсөтүлгөн. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Депутаттын айтымында, бүгүн ата мекенчилер тарых музейинде көчмө сессия жүргүзүшөт.

- Социалдык тармактарда чыгымдын сметасы тартылган сүрөттөр пайда болду. Ал жерде жыгач аттардын суммасы 14 миң евро экендиги көрсөтүлгөн. Андан сырткары, баалар башка да көп пункттарда жогорулатылып көрсөтүлгөн. Ошол жерге барганда териштиребиз, - деди Шыкмаматов.

Журналист Уланбек Эгизбаев өзүнүн соцтармактагы  баракчасында музейди реконструкциялоодогу чыгымдардын сметасын жарыя кылган эле. Ошондой эле ал жыгач аттардын суммасы 14 миң евро экендигин да , аттардын сүрөтүн да койгон.



Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоого Турция 15 миллион грант бөлгөндүгүн эсиңиздерге салабыз.

Бакыт Стамов
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх