Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар «Манас» аэропортундагы куралдуу спецназдардын пайда болушунан чочулашууда

Автоматчан, бет кап тагынган адамдар эки жылдан бери аэропорттун аймагын кайтарышканы белгилүү болду

Социалдык тармактын колдонуучулары «Манас» аэропортундагы куралчан адамдардын пайда болуусун активдүү талкуулап жатышат.

Мисалы, фейсбук колдонуучу Rustam Sardalov аттуу бирөө жалпыга жеткиликтүү болгон бир топко мына буларды жазат :

«Бизде өлкөдө аскердик абалбы ? Аэропорттун экинчи кабатында куралдуу, маскачан спецназдар жүрөт. Бишкекке учуп келген киши мындай көрүнүштөн чочулашы анык».

Ал ортодо Vesti.kg  сайтына аэропорттун пресс-кызматы бул куралчан адамдардын эки жыл мурун эле пайда болгондугун кабарлашты.
- 2016-жылы жүргунчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана аэропорттун коопсуздугу үчүн ушундай чечим чыккан, - деп түшүндүрүштү ал жактагылар.

Эки жыл мурун коопсуздук кызматы Бишкек аэропортуна "ручная кладь«» кылып эч кандай суюктук киргизбей жүргүнчүлөрдү жана узатуучуларды текшерүүнү күчөткөн.

Аэропорт өзүнүн кошумча талабын, 2016-жылы Стамбулдун «Ататүрк» аэропортундагы жарылуудан 36 киши каза болгон соң киргизген.

Алтынай Темирова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх