Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мечиттер менен медреселерге берилген электроэнергияга тарифти арзандатса калыстык болобу?

Айтылган сунушту өкмөттүн дарегине жолдошту. Бул туурасында эксперттердин пикири кайчы

Мечиттер менен медреселердин киреше булактары жок, ошондуктан аларга берилген электр энергиясына болгон тарифти арзандатуу керек деген оюн Vesti.kg сайтына билдирет Турсунбай Бакир уулу.

- Бул маселе парламентте мурунку чакырылышта көтөрүлгөн, - дейт ал. - Бүгүнкү күндө мечиттер электр энергиясына болгон акыны коммерциялык ишканалар катары төлөп жатышат, бирок алардын киреше булактары жок. Медресени арендага берип же концерт койдурушпайт. Мамлекет экономикадан башка да маданий жана башка байлыктарды да унутпашы керек.

Бирок өз кезегинде дин маселеси боюнча эксперт Замира Карабаева башкача ойду айтты.

- Мечиттер үчүн өзгөчө тарифти кароонун менимче зарылчылыгы деле жок, - дейт ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. Албетте, бул диний имараттар жарандардын руханий өнүгүүсү менен алектенет. Бирок ал жакка элдин бир аз бөлүгү гана барат. Ал эми мектеп, бала бакчаларга бардык балдар барат. Мүмкүн аларга жеңилдик береттирбиз ?  Анын үстүнө оорукана, жана башка социалдык обьектилер адам ыйлай турган акыбалда турушат. Ал эми мечиттин киреше булактары бар .

Парламенттин отурумунда депутат Пархат Төлөндүбаев мечит жана медреселерге берилген электр энергиясынын тарифин арзандатууну өкмөткө  сунуш кылгандыгын эске салабыз

«Бүгүнкү күндө мечиттер менен медреселерге болгон тариф менен коммерциялык ишканалардын тарифи бирдей. Мечит мусулмандардын руханий өнүгүүсү менен алектенет»,- деп жазат ММКларда депутаттын айткандарын.

Вероника Малышева
Фото www
    


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх