Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биздин баарыбызды аркабыздан «чёрный» деп аташат, ошондуктан бул жерде биз баары бир бөтөнбүз»

Мигрант Кыргызстандын Россиядагы элчилигин сындады. Анын айтымында , биздин мекендештер Москвадагы элчиликте узак убакытка кезекке турушуп жана аркандай убаракерчиликке дуушар болушат

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өз милдетин жакшы аткарбайт. Бул тууралуу Москвадагы эмгек мигранты Куштарбек Сагындыков Vesti.kg сайтына билдирди.

Жалал-Абат областынын Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылынын жашоочусу Сагындыков элчиликтин өкүлдөрүнүн  ушундай туура эмес иштерине туш болгон.

- Мен Москвада паспортумду жоготуп жиберип элчиликке кайрылдым, - деп баштады ал сөзүн. - Мыйзам боюнча алар мага жаңы паспорт бериши керек болчу. Мен бардык документтерди тапшырып күтүп жаттым. Бирок аларда кандайдыр бир жагдай пайда болуп, мага паспорт бергенге мүмкүн болбой калыптыр. Акырында мен Кыргызстанга келип , документ даярдап, анан жаңы паспорт ала турган болуп калдым. Андан да, көпкө күттүргөн кезек, баш оорутма убаракерчилик, себепсиз эле тез тез жабылып калышы элди тажатты. Ошондуктан, элчилик мигранттарга жардам берет деген сөз карандай калп. Бул жерде бизге ансыз деле жеңил болуп жаткан жери жок.

Андан ары ал Россияда кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондугун айтат.

- Биринчи кезекте, бул жумушка орношуу көйгөйү, - деп улайт Куштар. - Колго тийген ишке иштөөгө туура келет: куруучу, жүк ташыгыч жана короо тазалагыч. Ал эми курулушта болсо маянабызды бербей алдап кеткен учурлар болду. Курулуш болсо аябагандай оор жумуш. Аягында мага ашпозчу болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк болуп калды, кудайга шүгүр, кафелердин биринде пица даярдайм. Айлыгым болсо 45 миң рубль, анын көпчүлүк бөлүгүн үйгө салам. Дагы бир көйгөй жергиликтүү элдин бизге болгон мамилеси. Баары бир алардын жек көрүүсүн сезүүгө болот. Артыбыздан баарыбызды эле «чёрный» деп аташат, биз бул жерде баары бир бөтөнбүз. Күзүндө Кыргызстанга кетип жер иштетсемби дейм. Айлык үчүн экинчи мекенден алыс чыкпайын деген тилегим бар.

Бакыт Стамов
Фото www  

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх