Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар Москвада: Зулпидин Нурматов жүк ташуучудан баштап, басмаканын "мастерлигине" жетти

Эмгек мигранттарынын кадимки күнү кандай өтөт жана алар кантип бири-бирине жардам берээри тууралуу Москвада 10 жыл ашуунубакыттан бери жашаган кыргызстандык киши айтып берди

32 жаштагы Зулпидин Нурматов 10 жылдан бери Москвадагы белгилүү басмаканалардын биринде эмгектенип келет. Баткен облусунун Кызыл-Булак айылынын тургуну 19 жашында Орусиянын борборуна келген. Алгачкы жылдар ал абдан кыйналган. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына айтып берди.

- 2005-жылдары бул жакта уруксат документтерин алуу бир кыйла татааал болчу, ушул себептүү мен биринчи жылы курулушта иштегенмин. Ал жерде байкемдин паспорту менен иштечүм. Ошондуктан бир жыл бою мен эч жакка чыга алган жокмун.

Анан Нурматов басмаканадан жумуш табат. Ал жерге адегенде жүк ташуучу болуп орношот, кийинчерээк убакыттын өтүшү менен ал басмакана өндүрүшүнүн устаттык өнөрүн үйрөнөт.

- Азыр басмаканада көп нерселерди жасаганды билем, -дейт ал. - Буйрутмаларды кабыл алам.

Москвада жашаган 13 жыл ичинде Зулпидин Нурматов бир канча жолу кыйынчылыктарга дуушар болгон. бирок азыр кыргызстандыктарга азыр Орусияда жумушка орношуу алда канча жеңил болуп калды дейт ал.

Ал чет өлкөдө жашап жүрүп, Москвадагы кыргыз диаспорасынын жашоосуна активдүү катышат.

- Бири бирибизге ар кандай жактан жардам беребиз. Андан сырткары, мен Кызыл-Булак айылынын фондунун төрагасы болуп калдым. Айылдаштар менен майрамдарда жана зарыл болгон учурда жоолугуп турабыз, - дейт Нурматов.

Зулпидин Нурматов Фейсбук соцтармагында Максым Баткенский деген псевдоним менен Москвадагы кыргыздардын жашоосу тууралуу айтып берет.

Анын баракчасындагы сүрөттөрдөн пикник, футбол жана ишембиликтер тууралуу көрүүгө болот.

Мен бул жерде үй бүлөм менен жашайм: мен, аялым жана үч балам болуп, - дейт басмакананын мастери. - Жайында алар мекенге кетишет, чоң ата, чоң энелерине барышат, мен болсо калам.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх