Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кызыл фуриянын» кызара турган жөнү бар. 2018-ДЧ Орусия испандыктарды утту

Футбол боюнча дүйнө Чемпионатынын ээлери жаңылык жаратышты, ал эми мелдештин сүймөнчүктөрүнүн бири үйүн көздөй сапар тартты

Кечээ Орусиянын курама командасы Испаниянын курама командасын утуп футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу чейрекфиналга чыгышты. Беттешүү 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып, пенальти эсебинде 4:3 болду.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдын 1/8  мелдеши Москвадагы «Лужники» стадионунда болду. Эки бөлүктөн турган таймаштын жыйынтыгында жеңүүчү аныкталган жок. Негизги убакыттын бүтүшүнө эсеп 1:1 болду.

Беттешүүнүн 12-мүнөтүндө Орусиянын чабуулчусу Сергей Игнашевич өз дарбазасына топту киргизип алды.

Артём Дзюба 41-мүнөттө эсепти испандыктардын дарбазасына пенальти тебүү менен эсепти теңдеди.

Кошумча таймаштын жыйынтыгында деле эсеп 1:1 жылган жок. Командалар кошумча берилген убакыттын ичинде гол ура алышкан жок. Андан соң пенальти дайындалды. Россиялыктар өнөктөшүнө караганда топту таамайыраак тебүү менен эсеп 4:3 болуп жеңишке жетишти.

Ошентип Орусия курама командасы биринчи жолу чейрекфиналга чыкты. Анын кийинки каршылашы Хорватия болот.

Источник
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх