Кыргызстан Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын акыбалына түшүп калышы мүмкүн
Эгерде сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мораторий киргизбесе биздин мамлекетти эмне күтүп тургандыгын эколог айтып берди
Кыргызстандын экологиясы катастрофалык кырдаалда, аны сактап калуунун бирден бир жолу сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мораторий киргизүү. Мындай оюн Vesti.kg сайты менен биология илимдеринин доктору Эмил Шүкүров бөлүштү.
- Акыркы изилдөөлөргө караганда биз экосистеманын көп бөлүгүнөн айрылдык, - дейт ал. - Бардык эреже боюнча ал өлкөнүн аянтынын 60 % түзүш керек эле. Кыргызстанда ал 5% гана түзөт. 25 жыл мурун экосистеманын өнүмдүүлүгү азыркыдан он эсе жогору болчу. Жаныбарларды жок кылуунун аркасында бул системанын ядросун түзгөн экосистема жок болуп жатат. Азыраак калган күндө деле алар тең салмактуулукту сактап кала албайт, анткени саны мааниге ээ. Ошентип биз аңчылардын айынан экосистемадан айрылдык. Алар көңүл ачышат, анын эсебинен аңчылык чарбасы пайда таап атат. Балким келечекте бизге Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде болуп жаткандай өлкөдөн качып кетүүгө туура келээр.
Эмил Жапарович бул өлкөлөрдө болуп табияттын кыйрагандыгын көргөн.
- Ал мамлекеттерде баары кыйраган, анан бул аскердик жана социалдык карама каршылыктан келип чыкты дешет. Чынында мунун баары табияттын кыйроосунан башталган, - деп түшүндүрдү ал. - Бизде да тезинен мораторий киргизбесе ошолордун тагдыры бизди да күтүп турат. Бул экосистеманы коргоп калууга болгон биринчи кадам. Тезирээк баштабасак кеч болуп калат. Казынада акча жок деп чыкчу кишилер да табылбай койбойт. Шылтоо издештин кереги жок. Анткени бул бюджеттик эмес, жүрүш-туруштун негизи. Эгерде табиятты талкалабай эле койсо, ал калыбына келет. Азырынча он жыл жетишээрлик болот. Негизи адамзат көз карашы боюнча, аңчылыкты токтотуу зарыл. Бул тууралуу сөз деле кылбай койсо болот, анткени коомдо адам деген эмне экенин билбегендер өтө көп.
Депутаттар кээ бир жаныбарларды отпоо үчүн он жылдык мораторий киргизүүгө мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Алардын арасында аркар, кулжа, элик, марал, каман бар. Бул тыюу салууну бузган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзам кабыл алынса 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Вероника Малышева
Фото www