Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азыр патентти интернет аркылуу күн-түн дебей алууга болот

Бишкекте жана Ошто көчмө долбоор ишке кирди

2018-жылдын 1-июлунан баштап Мамлекеттик салык инспекциясы мекеменин сайтынан электрондук түрдө патент берүү боюнча Ош жана Бишкек шаарларында көчмө долбоорду ишке киргизди.

Бул жаңы кызмат алыстан туруп МСК сайты аркылуу патенттин бардык түрүн алууга мүмкүнчүлүк берет.

Салык төлөчүлөр ар бир жолу салык органына баруу кажет эмес, офистен чыкпай эле күндүн кайсы мезгилинде болсун, интернет аркылуу патент алууга болот. Ал эми патенттин акчасын банкомат, терминал аркылуу төлөсө болот.

Азыркы иштеп жаткан эреже боюнча патенталуу салык төлөөчүлөрдүн көп убактысын алат. Ар кандай ыңгайсыздыктар менен коштолот. Ошентип МСК  «Электрондук патент» долбоорун ишке ашыруу салык төлөөнү жана кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтөт. Коррупцияга болгон жолго бөгөт коёт.

Ушул жылдын 1-августунан баштап көчмө долбоор бүтсө, бардык региондордун ишкерлери МСК сайты аркылуу өздөрүнө керектүү патентти ала алышат.

МСК пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх