Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кустурица Казакстанда Айтматов боюнча фильм тартат

Атактуу режиссёр бул анын сүйүктүү жазуучуларынын бири экендигин мойнуна алды

Серб режиссеру Эмир Кустурица Казакстанда кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча кино тарткысы келгендигин «Мир 24» телеканалы билдирет. Муну режиссер Астанадагы «Евразия» кинофестивалында билдирген.  

Кустурица Айтматов анын сүйүктүү жазуучуларынын бири экендигин мойнуна алган. Ошондой эле Астана ага жакшы сезим калтыргандыгын айтты.

«Мен жашоомдо биринчи ирет  оюмдагы нерсени  көрдүм. Силердин президентиңердин 20 жылда мындай шаарды куруп салуусу - бул мактоого арзырлык. Бул эң кооз шаар», - дейт ал.

Бир нерсе гана Кустурицанын көңүлүн калтырды. Ал журналисттер менен баарлашуу учурунда 90% жаңы фильмдердин сапатсыз экендигин айтты. Эки жанр боюнча гана көрүүгө болот - бул реализм жана фантастиканын негизиндеги фильмдер.

Источник
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх