Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айнеги күңүрттөлгөн машина менен Өзбекстанга кирүүгө мүмкүн эмес

Жогорудагыдай норманы аткарбаган учурда алардын машиналарын айып аянтчаларына койдуруп коюшаарын чек арачылар Кыргыз Республикасынын жарандарына эскертет

Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы Өзбекстандын аймагына айнеги күңүрттөлгөн машина менен кирүү Өзбек Республикасынын жол коопсуздугун камсыздоо тармагындагы мыйзамына туура келбестигин эскертет.

Өзбек тараптын билдиришинче, ӨР «Жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жол кыймылында колдонулчуу автоунаалардын жабдууларына жана техникалык абалына талаптар коюлган.
 
Автоунаа каражаттарын эксплуатациялоо талаптарына ылайык,  айдоочунун көрүнүшүн чектей турган нерселер, каптал , маңдай жана алдыңкы айнектерди 70% аз көрсөтө турган күңүрттөөчү каражаттарга( люк жана чатырдан сырткары) тыюу салынат.

Көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда, Өзбек Республикасынын Кодексинин 291-беренесинин негизинде эреже бузгандардын автоунаалары айып аянтчасына койдурулат.

КР МЧК пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх