Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

7-9 июлдарда Кыргызстанда 40 градуска жеткен ысык болот

Ал эми бир нече күн өткөн соң, тоо этектериндеги аймактарга кайрадан жаан жаайт

Кыргызстанда 7-9 июлдарда абанын температурасынын 40 градуска чейин көтөрүлүүсү күтүлөт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Кыргызгидрометборборунан билдиришти.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абат жана Баткен областтарында күндүзү +35тен +40 градуска чейин, тоо этектериндеги аймактарда +31 ден  +36 градуска жеткен ысык болуусу күтүлөт. Суусамыр өрөөнүндө +30 дан +35 градус ысык.
Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын областынын дыйканчылык аймактарында +31…+36 градус жылуу.

Ал эми тоолуу райондордо +21 … +26 чейин нөлдөн жогору.

Бирок 10-11 июлдарда температура кайрадан төмөндөйт, бирок +35 градустан төмөн эмес деп пресс-кызматы билдирет. - 10 - июлда тоолуу райондордо өткүн жаап өтүшү мүмкүн, 11-июлда тоо этектеринде кайталанат. бирок нөшөрлөгөн жамгыр жана температуранын төмөндөшү күтүлбөйт.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх