Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочуларды окутуу жоопкерчилигин билим берүү Министрлигине жүктөөнү сунуш кылышты

Мамкаттоо кызматы бул милдеттен былтыр ажыраган

КР илим жана билим берүү Министрлиги айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоону баштапкы кесиптик Агентствосуна өткөрүп берүүнү сунуш кылып жатышат. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мекемедегилер өздөрүнүн мындай демилгесин 2017-жылкы өкмөттүн токтому менен унааларды каттоо Департаментинин милдети жана Мамкаттоонун алдындагы  айдоочуларды даярдоону көзөмөлдөөчү айдоочулардын курамы алынып салынгандыгы менен түшүндүрүшөт. Бугүнкү күндө бул ыйгарым укукту башка органга өткөрүп берише элек.

«Азыркы учурда республиканын аймагында айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо 233 окутуучу мекемелерди жүргүзүлүп жатат. Алардын ичинен 63 окутуучу ишкана мекеме алдындагы болуп саналат. Ошондой эле агентствонун ишин илгерилетиш үчүн анын структурасында башкармалык түзүп, бул мамлекеттик органдын ыкчам чечим кабыл алышын жана жоопкерчилигин күчөтүү сунушталат. »

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх