Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү «Ихлас» курулуш компаниясы кайрадан жаңжалдын чордонунда (видео)

Фирманын өкүлү Жал кичирайонунун тургундарынын нааразычылыгын айтып берди

«Ихлас» курулуш компаниясы Жалда уруксат документи жок эле көп кабаттуу үй куруп жатышат. Иштин жүрүшүндө алар тегерегиндеги үйлөрдү суусуз калтырышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына апрель баатыры, Жал кичирайонунун тургуну Усупбий Шеримбаев билдирди.

- Алар үч ай мурун мыйзамсыз түрдө курулуш башташты, дейт ал. - Биз бул убакыттын ичинде тийешелүү инстанцияларга арыздандык, бирок эч ким үн каткан жок. Алар үйдү 4-кабатка чейин көтөрүп коюшту. Бүгүн болсо суу түтүктөрүн үзүп салышты, эми биз суусуз калдык.


Андан сырткары, жергиликтүү тургундардын айтымында, курулуш компаниясы жаңы эле оңдолуп бүткөн тротуарды бузуп салышкан.

- Жолду казып салышты, өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам кантип өтөөрүн билбей турабыз. Тротуардагы жаңы брусчаткаларды алып салышты, - деп нааразы болот Шеримбаев.



Ал ортодо Vesti.kg  сайты комментарий үчүн «Ихлас» курулуш компаниясына кайрылды. Өз кезегинде маркетинг бөлүмүнүн начальниги Абиль Керимбек уулу бузулган суу түтүктөрүн оңдоп берүүгө убада берди.

- Ооба, бул эксковатордун күнөөсү болуп калды, бирок бир сааттын ичинде оңдоп коёбуз, - дейт ал. - Ал эми уруксат кагаздары боюнча болсо, жашоочулар биздин офиске киришсе биз баарын көрсөтөбүз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх